Дарбызбы же коонбу? Дарыгер кайсынысы пайдалуу экенин айтып берди

Эки азык тең суудан туруп, калориясы аз болгону менен биринин пайдасы көбүрөөк.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ашыкча салмактан жабыркагандар менен иштеген дарыгер Павел Исанбаев РИА Новости агенттигине дарбыз менен коондун пайдалуулугун айтып берди.
"Экөө тең дээрлик суудан турат, калориясы аз. Бирок курамындагы заттар организмге ар башкача таасир этет. Мисалы, дарбызга караганда коондо белоктун концентрациясы эки эсе көп", — деди дарыгер.
Адистин айтымында, дарбызда эрип кете турчу клетчаткалар көп. Ал пребиотик сыяктуу ичеги-карындын иштешин жакшыртат. Коон С, В6 жана К витаминдерине, дарбыз А, В1 и В5 витаминдерине бай.
Жалпысынан коондо минералдар арбын. Мисалы, сөөктөрдү бекемдеп, темирдин жетишсиздигин алдын алган темир, калий, кальций жана жез бар.
Ал эми дарбызда цинк менен фосфор көп, бирок курамында натрий дагы кездешет. Анткен менен ал гипертония менен жабыркагандарга жардам берет.
Адис эки азык тең жүрөктүн иштеши менен кан басымдын нормада болушуна оң таасирин тийгизе турганын кошумчалаган.
Витамин менен минералдарды кайсы убакта ичиш керек? Адистин кеңеши