БУУнун башкы катчысы Трампка кол салуу аракетин айыптады

Өлкөнүн учурдагы президенти Жо Байден Трампка сакайып кетишин тилеп, бирок бул окуяны саясатчыга кол салуу аракети деп атоого факты жетишсиз экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салуу аракетин айыптады. Бул тууралуу анын өкүлү Стефан Дюжаррик билдиргенин РИА Новости жазды.
"Башкы катчы бул саясый зомбулук актысын айыптайт. Ал президент Трамптын тезирээк сакайып кетишин каалайт", — деди Дюжаррик.
Ишемби күнү Трампка Пенсильванияда эл алдында сүйлөп жатканда, ага ок атылган. Видеолордон аны жансакчылар алып кетип жатканын жана кулагы канжалаганын көрүүгө болот. Кийин Трамп кулагына ок тийип, көп кан жоготкондугун айткан.
АКШнын атайын кызматы ок чыгарган шектүүнү атып өлтүргөнүн маалымдады. Атышуудан бир адам каза болуп, экөө оор жаракат алган.
Өлкөнүн учурдагы президенти Жо Байден Трампка сакайып кетишин тилеп, бирок бул окуяны саясатчыга кол салуу аракети деп атоого факты жетишсиз экенин айтты. Ошол эле маалда укук коргоо кызматтары бул окуяны Трампка кол салуу аракети катары иликтеп жатканы кабарланды.
Илон Маск Трампты АКШнын президенттигине мыкты талапкер деп атады