Дональд Трамптын кол салуудан кийин биринчи жолу эл алдына чыккан видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп Пенсильванияда кол салуу аракетинен кийин алгачкы жолу эл алдына чыкты. Анын Нью-Жерси аэропортундагы аба майданда траптан түшүп келе жаткан видеосун жардамчысы жарыялады.
"Күчтүү жана чыдамкай. Ал Америка үчүн күрөшүн эч качан токтотпойт", — деп жазган Трамптын жардамчысы Марго Мартин X соцбаракчасына.
Видеодон саясатчы учактан өзү түшкөнүн көрүүгө болот. Анын Нью-Жерсиде түнөй турганы күтүлүп жатканын The New York Times жазды.
Эске салсак, бүгүн АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка куралдуу кол салуу аракети болду. Ал Пенсильванияда тарапташтарынын алдында сүйлөп жатканда кулагына ок тийген. Атайын кызмат ок аткан адамды дароо өлтүргөнүн маалымдаган. Атышуудан бир көрүүчү каза болуп, эки адам оор жаракат алганы кабарланды.
Илон Маск Трампты АКШнын президенттигине мыкты талапкер деп атады