15-июлга карата аба ырайы

15-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө 28…33, Талас аймагында 27…32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 30…35, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө 22…27 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте жана Ош шаарларында 30…32, Чолпон-Атада 22…24 градуска жетет.
Нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн. Бир жумага карата аба ырайы