Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: НАТО саммитинде Украинанын мүчөлүгү тууралуу сөз болгон жок

НАТО Украинанын альянска киришин түрдүү шылтоолор менен создуктуруп жаткандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. НАТОнун Вашингтондо өткөн саммитинин жыйынтыгы Украинанын альянска мүчө болушуна тоскоол болгон жаңы кыйынчылыктарды ачыктады. Бул тууралуу РИА Новости Economist басылмасына шилтеме берип жазды.
"НАТОнун Украина жөнүндөгү убадасы коопсуздук, демократия жана экономика багыттарында реформаны улантуу керек деген шылтоолор менен чектелди. Мындан тышкары, Украина НАТОго "өнөктөштөрдүн баары макул болгон учурда жана коюлган талаптардын баары аткарылганда гана" чакырылмакчы. Ири өнөктөштөрдүн бири болгон АКШнын президенти Жо Байден буга чейин Украинанын НАТОго киришине каршы чыккан. Атургай ачылыштагы сөзүндө Украинанын мүчөлүгү тууралуу үн каткан жок", — деп айтылат маалыматта.
Макалада Ак үйдүн учурдагы башчысынын учурдагы алсыз абалы тууралуу айтылган. Авторлор эгерде Дональд Трамп кайтып келсе, анда Украинанын жолу буулушу мүмкүн деп божолдошкон. ген божомол айтылат.
НАТОнун кезектеги саммити 9-11-июлда Вашингтондо өттү. Жыйында альянстын Украинага жардам берүүдөгү ролун күчөтүү, Россияга каршы багытталган жамааттык потенциалды чыңдоо, Батыш менен Кытайдын атаандаштыгы күч алышынан улам Азия-Тынч океан өлкөлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Пентагондун мурдагы аналитиги НАТО саммитинин жыйынтыгына нааразы болду