Эсеп палатасы: Эмгек министрлигинде 150 млн. сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, 2 миллион 151 миң сом суммасында финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, аудиттин жүрүшүндө 295 миң сом калыбына келтирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө 149 миллион 944 миң сомдук мыйзам бузуу аныкталган. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул сумманын ичинен 43 миллион 876 миң сомдук мыйзам бузуу эмгек акыны эсептөө жана төлөө жаатында катталган.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, 2 миллион 151 миң сом суммасында финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, аудиттин жүрүшүндө 295 миң сом калыбына келтирилген.
Мындан тышкары, 147 миллион 528 миң сом суммасындагы бюджеттин резерв жана жоготуулары аныкталды, анын ичинде:
бюджеттик мекемелерди ашыкча каржылоо — 20 миллион 352 миң сом;
эмгек акыны төлөөдө мыйзам бузуулар — 43 миллион 876 миң сом;
башка резервдер жана бюджеттин жоготуулары — 83 миллион 299 миң сом.
Ошондой эле 7 миллион 460 миң сом рационалдуу пайдаланылган эмес. Ал эми жылдын аягында 4 миллион 743 миң сом пайдаланылбай калган.
Аудиттин жыйынтыгы текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга берилери кошумчаланды.
10,8 миллиард сомдук тартип бузуулар. Эсеп палатасы депутаттарга отчет берди