Түркия ШКУга мүчө болуп кирүү ниетинде

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан 4-июнда өлкө БРИКСке да мүчө болууну көздөп жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө болуп кирүүнү максат кылып жатканын айтты. Өлкө башчынын интервьюсун TRT Haber телеканалы түз алып көрсөткөнүн РИА Новости жазды.
"Максатыбыз — байкоочулуктан туруктуу мүчөлүккө өтүү. Түркия ШКУга туруктуу мүчө болуп кошулушу керек. Бул маселени акыркы саммитте (Астанада) Владимир Путин, Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүп, колдоп берүүлөрүн өтүндүм", — деген Эрдоган Вашингтондо өткөн маалымат жыйында.
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан 4-июнда өлкө БРИКСке да мүчө болууну көздөп жатканын билдирген. ТИМ жетекчиси анда Новгороддо өткөн БРИКС+ жолугушуусуна катышкан эле. Иш-чаранын соңу менен өткөн маалымат жыйында министр Анкара аталган уюмдун мааниси чоң экенине ынанганын айткан болчу.
ШКУ — 2001-жылы түптөлгөн эл аралык уюм. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан мүчө. 2024-жылы Астанада өткөн саммитте ага Беларусь расмий кошулду. Ал эми Афганстан менен Монголия байкоочу макамына ээ болсо, Азербайжан, Аремния, Бахрейн, Камбоджа, Катар, Кувейт, Мальдив, Мьянма, Непал, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабиясы, Түркия жана Шри-Ланка өнөктөш мамлекеттер болуп саналат.
Россия менен Индия негизги маселелер боюнча G20, БРИКС, ШКУ алкагында кызматташат