Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кыргызстан Батыштын Россияга каршы резолюциясын колдогон жок

БУУнун Башкы ассамблеясы Украина даярдаган Россияга каршы резолюция долбоорун кабыл алды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстан Батыштын Россияга каршы резолюциясын колдогон жок. Анда Россия Запорожье АЭСинин аймагынан аскерлерин чыгарып, аны Киевдин карамагына өткөрүүгө милдеттүү экени жазылган.
Эске салсак, документ "Украинадагы өзөктүк объектилердин, анын ичинде Запорожье атомдук электр станциясынын техникалык жана физикалык коопсуздугу" деп аталып, 13 пунктудан турат. Алардын биринде "Россия Запорожье атомдук электр станциясынан өзүнүн аскер кызматкерлерин жана башка персоналдарын шашылыш түрдө чыгарып кетиши керек" деп жазылган.
Борбор Азиянын башка өлкөлөрү, БРИКС, Сауд Арабиясы, Египет, Иран, Индонезия, БАЭ (жалпысынан 60) БУУнун Башкы ассамблеясында добуш берүүдөн баш тартышты. Каршы пикирин тогуз мамлекет билдирди. Ошентсе да Башкы Ассамблея Украинанын резолюция долбоорун кабыл алды.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский резолюция боюнча комментарий берип жатып, аны "консенсуска кирбеген жана саясатташкан" деп сыпаттады. Ошондой эле эч кандай натыйжа чыкпай турганын белгиледи.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларынан айырмаланып, Башкы ассамблеянын резолюциялары юридикалык күчкө ээ эмес.
Документке ылайык, Москвага станциянын периметри боюнча орнотулган делген жөө аскерлерге каршы миналарды жок кылууга чакырык жасалган. Бирок ошол эле учурда Украинанын станцияга учкучсуз учактардын жардамы менен кол салып жатканы айыпталган эмес.
ЗАЭС Днепрдин сол жээгинде Энергодар шаарына жакын жайгашкан. Бул блоктордун саны жана кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп саналат. Анда кубаттуулугу 1 гигаватт болгон алты энергоблок бар.
2022-жылдын октябрында АЭС Россиянын менчигине өткөн.
Гутерриш Борбор Азияны эмне максат менен кыдырууда? Сапарга сереп