Патент менен иштегендердин 90%ы салыктын башка режимине өттү

Кыргызстанда патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү 1-июлдан тартып токтотулду.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Салык кызматы патенттик режим менен иштеген соодагерлердин 90 пайыздан ашыгы башка салык режимдерине өткөнүн кабарлады.
Эске салсак, 2024-жылдын 1-июлунан тартып республикада патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулган.
Маалыматта Кыргызстандагы 65,7 миң соодагер салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандашканы айтылат. Ал эми стратегиялык объектилерге киргизилген "Дордой" жана "Тураталы эл базарында" ("Кара-Суу") иштеген 17,1 миң субъект өзгөчө салык режимине өткөн.
"1990-жылдары киригизилген патенттик система өлкөдөгү орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүүдө маанилүү роль ойногон. Бирок ошол эле учурда салык төлөмдөрүн бирдей эмес бөлүштүрүү жана көмүскө экономиканын өсүшү сыяктуу бир катар терс кесепеттерге алып келген. Заманбап глобалдык экономиканын шартында патенттик система архаикалык болуп калган. Салыктык башкарууну жакшыртуу жана модернизациялоо, көмүскө экономиканы кыскартуу, адилеттүү салык системасын жана салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн соода чөйрөсүндөгү патентти жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган", — деп билдирди Салык кызматы.
Салык боюнча отчетторду кантип автоматтык түрдө түзсө болот? Түшүндүрмө