Батыштын планы, БРИКСти бекемдөө. Путиндин кебинин урунттуу учурлары

БРИКС бардык мамлекеттер менен диалогду бекемдөөгө ачык, бирок Батыш өлкөлөрүнүн каршылыгына дуушар болуп келери белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. БРИКС өлкөлөрүнүн депутаттары дүйнөдөгү чыңалуунун деңгээлин азайтуу үчүн бардыгын жасайт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Ал БРИКСтин X парламенттик биригүү форумунда сүйлөдү.
"БРИКС өлкөлөрүнүн парламентарийлери өз элдеринин кызыкчылыктарын коргоп, саясий жана улуттук эркин билдирип, миллиарддаган адамдардын чыныгы талаптарын жана муктаждыктарын терең сезишет", — деди президент.
Путин учурдагы форумдун "Адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту чыңдоодо парламенттердин ролу" аттуу темасы дүйнөлүк трансформациялардын маанайын белгилеп турарын кошумчалады.
"Депутаттардын бири-бири менен түз сүйлөшүүсү биздин уюмдун дүйнөнүн принциптерине толугу менен шайкеш келет. Бул өз ара кызыкчылыктарды эске алуу, эл аралык мамилелерде демократияга таянуу, ар бир адамдын эгемендигин урматтоо болуп саналат", — деди ал.
Анын айтымында, Россия БРИКСтин жаңы мүчөлөрү бирикменин механизмдерине жеңил интеграцияланышы үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат.
Россиянын президенти Владимир Путин
"Саясат, экономика, каржы, коопсуздук, маданий-гуманитардык байланыштар сыяктуу тармактар боюнча тынымсыз иш жүрүүдө. Биргеликте өлкөлөрүбүздүн экономикалык, инвестициялык, технологиялык жана адамдык потенциалын көтөрүп, БРИКСтин глобалдык процесстерге конструктивдүү таасирин күчөтүү менен дүйнөнү коопсуз кыла алабыз деп ишенем", — деди Путин.
Президент бирикме бардык кызыкдар өлкөлөр менен диалогду бекемдөөгө ачык экенин, бирок мезгил-мезгили менен Батыш мамлекеттеринин каршылыгына туш болуп жатканын белгиледи.
Атап айтканда, Москва мыйзам чыгаруучулардын ортосундагы түз байланыштарды чектөө аракетин көрүп жатат. Бул нерсе мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын коргоо укугуна карама-каршы келет.
"Батыш өлкөлөрү өз элинин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерди да жасап жатат. Алар эч ким көрбөгөн, эч ким талкуулабаган эрежелерди бекитип алууга умтулушууда", — деди президент.
Путин муну эл аралык укукту өзгөртүү жана "соңку инстанциядагы адилеттүүлүккө монополия жаратуу" аракети катары баалады. Ошондой эле Батыш көбүнчө күчкө, бир тараптуу санкцияларга жана шантажга барарын белгиледи.
11-12-июлда Санкт-Петербургда БРИКСтин онунчу парламенттик форуму өтүүдө.
ЖК төрагасы: БРИКС+ форматына катышуу Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келет