ИИМ "Коопсуз шаардын" айып каттарын жеткирүүгө 31,2 млн. сом сарптайт

Депутаттар жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып каттарды жеткирүүгө жооптуу компаниянын ишине нааразы болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга айып каттарын жеткирүү үчүн жылына 31,2 миллион сом коротуу максатталууда. Ал үчүн Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тендер жарыялады.
Маалыматка ылайык, тендерден уткан компания келишимге кол коюлгандан кийин бир жыл кызмат көрсөтөт.
Жеткирип берүүчүнүн арызынын кепилдик суммасы көрсөтүлгөн эмес, бирок анын колдонуу мөөнөтү 45 күн.
Эске сала кетсек, депутаттар жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптар боюнча каттарды жеткирүүгө жооптуу компаниянын ишине бир нече ирет нааразычылык билдиришкен.
Парламентарийлер компания "Коопсуз шаардан" айып төлөө боюнча эскертүүлөрдү өз убагында жеткирбегенин билдиришкен. Депутат Кубанычбек Самаков апрелдин аягына карата 300 миңден ашык билдирүү жеткирилбегенин, ошондой эле 2023-жылдын июнь айынан бери жөнөтүлбөгөн айыптар бар экенин айткан.
Депутат УКМКнын төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаевден бул маселени көзөмөлгө алып, ишкананы текшерүүнү өтүнгөн.
Тез жардам "Коопсуз шаардан" айып кагаз келип жатканына нааразы болууда