Радио

Бишкек ТЭЦи быйыл Нарындагы Ак-Улактын көмүрүн жагат

Бишкек шаарынын вице-мэри Талайбек Байгазиев Бишкек жылуулук электр борбору быйыл Казакстандан 250 миң тонна гана көмүр сатып аларын айтты.
Sputnik
Бишкек ТЭЦи быйыл Нарындын Ак-Улак кенинен казылган көмүрдү жагат. Анын сапаты жогору болуп, 5100-5300 килокалорияны түзөт. Бул тууралуу Талайбек Байгазиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкек ТЭЦи мындан ары толугу менен кыргыз көмүрүнө өтүүгө аракет көрөт.
"Буга чейин жылына 700 миң тонна казак көмүрүн, 300-400 миң тонна Кыргызстандын көмүрүн жагып келсек, эми керектелүүчү 1 миллион тоннанын 250 миңи гана Казакстандан болот. Отун-энергетикалык балансты карап көрсөк, жергиликтүү көмүрдү көбүрөөк жага баштадык. Мындан ары толугу менен кыргыз көмүрүнө өтүүгө аракет көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө Нарындагы Ак-Улак кенинен казылган көмүрдү сынамык иретинде текшерип көрдүк. Алгач 10 миң тонна жагып, сапаты жагынан Казакстандын көмүрүнөн кем болгон жок. Ошону эске алып, быйылкыга 180 миң тонна даярдап жатабыз. Эгерде жакшы күйүп, жыйынтыгы жакшы болсо мындан ары көлөмүн көбөйтөбүз. Жумгалда казылган бул көмүрдүн калориялуулугу 5100-5300дү түзөт", — деди Байгазиев.
Ошондой эле ал отун-энергетикалык коопсуздуктун сакталышы, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча күчөтүлгөн тартипте иш жүрүп жатканын кошумчалады.