УКМК: опузалап 2 000 доллар пара талап кылган журналисттер кармалды

Шектүүлөр милициянын Кайгуул күзөт башкармалыгы менен рейддерге чыгып, тартылган видеолор менен айдоочуларды опузалашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Опузалап системалуу түрдө пара талап кылган журналисттер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, алар милициянын Кайгуул күзөт башкармалыгы менен рейддерге чыгып, тартылган видеоматериалдарды кийин айдоочуларды опузалап акча талап кылуу үчүн колдонушкан.
"Өлкөдөгү телеканалдардын биринин кызматкерлери Ж.Н.А. жана И.T.M. шантаж жана коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерден анын катышуусундагы видеоматериалдарды алып салуу үчүн акча талап кылышкан. Алар өздөрүнүн аракеттерин мыйзамдуу көрсөтүү үчүн карыздык милдеттенмелери бар экендиги жөнүндө кат жазууга мажбурлашып, унаасын күрөөгө алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр 2 000 доллар алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
УКМК мындай фактылардан жабыркаган жарандар болсо (0-312)-62-05-85 телефон номерлери аркылуу кайрылууга чакырды.
УКМК: чоң кызматтагы адамдардын атын жамынып акча талап кылгандар кармалды