Ден соолук тиштен башталат. Адистер тишке кам көрүүнүн негизги жолдорун атады

Адистер стоматологго жылына кеминде бир жолу барып турууну сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тишке туура кам көрүүнүн жолдорун тизмектеди.
Тишти күнүнө эки жолу, эртең менен жана кечинде тазалоо зарыл. Себеби адам уктаганда ооз көңдөйүн бактериялардан коргой турган шилекей аз бөлүнүп калат.
Курамында фторид бар тиш тазалоочу пастаны тандаңыз. Ал стоматологиялык ооруларды алдын алууга жардам берет.
Пастадан башка тиш тазалоочу жип, чайкоочу суюктуктар болот, аларды да колдонууну унутпаңыз.
Күнүмдүк тамак-ашта сүт, быштак, балык, жашылча менен мөмө-жемиш болушу шарт.
Шекерди азайтыңыз. Ал тиштин эмалын бузуп, кариести пайда кылат.
Таттуу нерсе жегенден кийин оозду таза суу менен чайкап жүрүңүз. Ал кариес, пародонтоз, гингивит, пульпит, стоматит ооруларын алдын алат.
Тишиңиз оорубаса да тиш доктурга жылына бир же эки жолу текшерилип туруңуз.
Ден соолук тиштен башталарын унутпаңыз.
Тиш дарыгерге барардын алдында сактала турган эрежелер