Вице-мэр: ТЭЦ газга өтсө жылуулуктун тарифи жогорулашы мүмкүн

ТЭЦке жогорку квалификациялуу ширетүүчүлөр жетишпей жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. ТЭЦтин бузулган жабдуулары толук калыбына келтириле элек. Көбүн жаңысына алмаштыруу зарыл. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Талайбек Байгазиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, негизги көйгөйлөрдүн бири — аз айлыктын кесепетинен кадрлардын токтобой жатышы.
Бишкектин вице-мэри Талайбек Байгазиев
"Энергетиктердин эмгек акысы башка жумушчулардыкынан бир топ артта. Май айынан бери маянаны 15 пайызга көтөрдүк. Жыл соңуна чейин дагы көбөйтүүнү пландап жатабыз. ТЭЦке ашкана ачтык. Бизде ыкчам жумушчулар, отканалар менен турбина цехтеринин машинисттери жетишсиз. Бул маселени чечүү үчүн учурда Өзбекстан, Казакстан жана Россиядан келген кесиптештер менен иштешип жатабыз. Бирок баарынан да жогорку квалификациялуу ширетүүчүлөр жетишпей жатат. Анткени биздин жабдууларды колдонуу бир топ кыйын", — деди Байгазиев.
Ал белгилегендей, ТЭЦти газга өткөрүү электр жана жылуулук энергиясына болгон тарифтин бир топ көтөрүлүшүн шартташы мүмкүн.
"2027-жылдын жай айларында "Газпром" бизге шаарды жылытууга жеткидей газ бере баштайт. Ага чейин үч станцияны кайра курушубуз керек. Учурдагы ТЭЦке 250 МВт кубаттуулуктагы айкалыштырылган газ станциясын орнотууну пландап жатабыз. Ошол эле жабдууларды ТЭЦ-2ге, ал эми "Бишкексельмаштын" отканасына 100 МВт кубаттуулуктагы түзүлүштү орнотуу керек. Ошол убакытка чейин биз тарифтик саясатты да өзгөртөбүз", — деди вице-мэр.
Бишкек ЖЭБине жаңы директор дайындалды. Ал буга чейин да ишкананы жетектеген