11-июлга карата аба ырайы

11-июлга караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматта 11-июлда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү айтылган.
Абанын температурасы Чүйдө 29…34, Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл жергесинде +23...+28, Нарын өрөөнүндө +20...+25 градус жылуу болот.
Борбор калаада өткүн өтүп, күн күркүрөп +31...+33 градус ысык болсо, Ош шаарында күндүн табы +33...+35, Чолпон-Атада +24...+26 градуска көтөрүлөт.
Чагылгандан кантип сактануу керек? ӨКМдин эскертүүсү