Россия Кыргызстанга технопарктарды түзүүгө жардам берет

Борбор Азия аймагында Россиянын жана РФ компанияларынын резидент катары катышуусунда өнөр жай парктары түзүлө баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Россия Кыргызстанга технопарктар жөнүндө мыйзам даярдоого колдоо көрсөттү. Өлкөдө мындай программаларды ишке киргизүүчү күн да алыс эмес. Бул тууралуу РФтин өнөр жай жана соода министринин орун басары Алексей Груздев Sputnik Ближнее зарубежьеге курган маегинде билдирген.
Анын айтымында, Борбор Азия аймагында Россиянын жана РФ компанияларынын резидент катары катышуусунда өнөр жай парктары түзүлө баштады.
"Кызматташтыктын бул форматы Өзбекстан менен Тажикстанда активдүү өнүгүп жатат. Ал эми Кыргызстан россиялык ведомстволордун методикалык колдоосу менен технопарктар жөнүндө өзүнүн мыйзамын иштеп чыкты. Анын ичинде индустриялык парктар да бар. Өлкөдө бул программаларды ишке киргизүү күнү алыс эмес экенине ишенем", — деди Груздев.
Ал ошондой эле Кыргызстанда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду активдүү иштеп жатканын белгиледи. Айтымында, бир нече жыл мурун РФтин Өнөр жай министрлиги өлкөнүн өнөр жай тармагына багытталган долбоорлорду күчөтүү үчүн аталган фонддун кеңешине кирген.
РКӨФ 42 полимер буюмдарын чыгарган ишкананы 42 млн. сомго каржылады