Кулак-мурду кесилген Асел мурдагы күйөөсү абактан коркутуп жатканын айтты

Телефондон келген билдирүүлөрдүн скриншотунан мурдагы күйөөсү түрмөдөн эки жылдан кийин чыгарын жазганын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсү абактан жазып, коркутуп жатканын билдирди.
Ал соттолгон жолдошунун жазгандарын скриншот кылып соцтармакка жарыялаган. Түрмөдөгү Азамат Эстебесов эки жылдан кийин барарын, абактан качып чыкса болорун, мурдагы аялы тууралуу баарын билерин жазган.
Ногойбаеванын жактоочусу Индира Саутова жабырлануучу Атайын прокуратурага арыз менен кайрылганын айтып, коркутуулар кечээ кечинде башталганын белгилеген.
"Атайын прокуратурадан СМС-билдирүүлөр боюнча текшерүү жүргүзүүнү талап кылабыз. Бул түздөн-түз коркутуу. Абактагы киши ал жактан кантип чыгарын жазган. Соттун өкүмү чыкканына эки ай өттү. Мамлекет жабыркаган жарандын коопсуздугун камсыз кыла албай жатат", — деген жактоочу.
Саутова Атайын прокуратура соттолгон адамга телефон берген түзөтүү колониясынын кызматкерлерин жазалап эле тим болбостон, мындай көрүнүштү түп-тамырынан жок кылышы керектигин кошумчалаган.
Эске салсак, былтыр 20-сентябрда Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында жашаган 36 жаштагы аял өз үйүндө бычакталып, кулак-мурду кесилген. Кылмышка шектелип анын 39 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Кылмыш коомдо резонанс жараткандан кийин Азамат Эстебесов мурда жабырлануучуну зордуктаганы үчүн 5 жылга кесилип, бирок пробация аркылуу эркиндикке чыгып кеткени белгилүү болгон. Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескенден кийин гана сот анын ишин кайра карап, зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кескен. Ал эми Селекциядагы кылмыш боюнча күнөлүү деп табылып, жалпы 20 жылга эркинен ажыратылган.
Таласта эки баласы менен келинди кайнагасы өлтүргөн. Кылмыштын чоо-жайы