Аты өчпөс залкар... Геннадий Базаровдун эстелигинин ачылышы видеодо

Бүгүн "Ала-Арча" көрүстөнүндө кыргыз киносунун "кыргыз керемети" деп аталган гүлдөө доорун жаратуучуларынын бири, КР эл артисти Геннадий Базаровдун эстелиги ачылды.
Sputnik
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, маданият өкүлдөрү, залкардын жакындары катышты.
Композициянын дизайнын Эмил Тилеков, скульптуранын өзүн Тамила Маматова жана Владимир Петров жасашкан.
Кыргыз кино өнөрүнүн корифейи Геннадий Базаров 2023-жылдын 6-февралында 81 жашында дүйнө салган. Ал 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген.
СССРдин кинематографиясынын отличниги атактуу "Саманчынын жолу", "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты фильмдерди жараткан.
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү