Бишкекте борбордук көчөнүн Бөкөнбаев, Москва көчөлөрү менен кесилиши жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Абдрахманов көчөсүндө эки кесилиш жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абдрахманов (темир жолдон жогорку бөлүгү Байтик баатыр) көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.
"10-июлдан тарта аталган көчөнүн Бөкөнбаев жана Москва көчөлөрү менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Кесилиштерге асфальт басылгандан кийин Абдрахманов көчөсүн Москва көчөсүнө чейин ачуу мерчемделүүдө. Андан тышкары, 10-июль күнү Байтик баатыр көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылат", — деп жазылган маалыматта.
Мэрия жолго асфальт төшөө жумуштары аба ырайына байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Бишкекте эртеңден тарта Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат