Кулак-мурду кесилген Аселди абактан мурунку күйөөсү коркутууда. Текшерүү башталды

Асел Ногойбаева аны бычактаган мурдагы күйөөсү түрмөдөн коркутуп жазгандарынын скриншотун соцтармакка жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаевага абактагы Азамат Эстебесовдон түшкөн коркутуулар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Анда бардык материалдар атайын прокуратурага өткөрүлүп берилгени айтылган.
Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, аталган факт боюнча жабырлануучунун жактоочусу тарабынан Атайын прокуратурага чара көрүү өтүнүчү менен арыз түшкөн.
"Учурда жактоочунун арызы катталып, текшерүү жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен жооптуу адамдарга юридикалык баа берилет", — деп айтылат көзөмөл органдын маалыматында.
Белгилей кетсек, Асел Ногойбаева анын абакта жаткан мурдагы күйөөсү коркутуп жазгандарын скриншот кылып соцтармакка жарыялаган. Түрмөдөгү Азамат Эстебесов эки жылдан кийин барарын, абактан качып чыкса болорун, мурдагы аялы тууралуу баарын билерин жазган.
Эске салсак, былтыр 20-сентябрда Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында 36 жаштагы аялды анын 39 жаштагы мурдагы жолдошу бычактап, кулак-мурдун кесип салган. Ал буга чейин да жабырлануучуну зордуктаганы үчүн 5 жылга кесилип, бирок пробация аркылуу эркиндикке чыгып кеткени белгилүү болгон. Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескенден кийин гана сот анын ишин кайра карап, зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кескен. Ал эми Селекциядагы кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылып, жалпы 20 жылга эркинен ажыратылган.
Бишкекте өспүрүмдү опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды. Видео