"Ала-Арча" көрүстөнүндө Геннадий Базаровдун эстелиги ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. "Ала-Арча" көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровдун эстелиги ачылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, маданият өкүлдөрү, залкардын жакындары катышты.
1 / 2

"Ала-Арча" көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровдун эстелиги ачылды

2 / 2

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, маданият өкүлдөрү, залкардын жакындары катышты

Композициянын дизайнын Эмил Тилеков, скульптуранын өзүн Тамила Маматова жана Владимир Петров жасашкан.
КР эл артисти, таланттуу режиссёр, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи Геннадий Базаров 2023-жылдын 6-февралында 81 жашында дүйнө салган. Ал 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген.
Базаров — кыргыз киносунун "кыргыз керемети" деп аталган гүлдөө доорун жаратуучулардын бири. "Саманчынын жолу" баштаган шедевр чыгармалардын режиссёру. Ал өмүрүнүн 65 жылдан ашуун мезгилин кино өнөрүнө арнаган.
СССРдин кинематографиясынын отличниги атактуу "Саманчынын жолунан" башка "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты фильмдерди жараткан.
Бишкектин борборунда Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелиги ачылды