Радио

Министрлик эмнеге айрым гана медиктердин айлыгы көтөрүлгөнүн түшүндүрдү

Саламаттык сактоо министрлигинин пландоо жана каржылоо бөлүмүнүн башчысы Эламан Чаргынбаев алыскы аймактардагы дарыгерлердин айлык маянасы көтөрүлгөнүн жана аларга кошумча компенсация төлөнөрүн айтты.
Sputnik
1-июлдан тарта өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген дарыгерлердин айлыгы көтөрүлдү. Эмгек акысынан тышкары 20 миң сомдон компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Эламан Чаргынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтты.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө алыскы аймактарда жана чакан шаарларда анестезиолог, реаниматолог жана педиатр жетишпейт.
"Жарандарга медициналык жардам көрсөтүүдө муктаждыгын жеринен чечүү үчүн аракеттер көрүлүүдө. 1-июлдан тарта төрт категориядагы: жалпы хирург, анестезиолог, реаниматолог жана педиатрлардын маянасы көбөйтүлдү. Алыскы аймактарга барып иштегендердин айлыгынан тышкары 20 миң сомдон компенсация төлөнөт. Мисалы, алыскы райондо иштеген, бирок эмгек тажрыйбасы жок дарыгер азыркы учурда 16 727 сом алса, көтөрүлгөндөн кийин 27 878 болот. Айлыктан тышкары ага 20 миң сом компенсация төлөнүп, колуна жалпы 57 миңдин тегерегинде тийип калат. Ал эми депозит программасы менен жаш дарыгерлердин айлык акысы көбөйтүлөрү күтүлүүдө. Алар аймактарга, чакан шаарларга иштеп барса депозит квартал сайын берилип турат. Ал эми ординаторлор учурда 1200 сом алса, эми стипендиясы көтөрүлүп 20 миң сомдун тегерегинде болот", — деди Чаргынбаев.
Ал 1-сентябрдан тарта жалпы дарыгерлердин айлыгы 50 пайызга көтөрүлөрүн кошумчалады.