Бажы кызматына тергөө жүргүзүү укугу берилди. Мыйзамга президент кол койду

Буга чейин Жогорку Кеңеш тергөө функциясын Мамлекеттик бажы кызматына кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров "Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө" Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Документке ылайык, бажы органдарына Кылмыш-жаза кодексинин 231 ("Экономикалык контрабанда"), 241 ("Бажы жыйымдарын төлөөдөн качуу"), 285инчи ("Бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн өзгөчө эрежелери белгиленген буюмдарды алып өтүү") беренелеринде каралган кылмыштарды тергөөгө ыйгарым укук берилет.
5-июнда Жогорку Кеңеш тергөө функциясын Мамлекеттик бажы кызматына кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырган. Документти министрлер кабинети демилгелеп, долбоор мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюуга багытталганы белгиленген. Анын негиздемесинде мыйзам долбоору бажы органдарына аталган чөйрөдөгү кылмыштарды тергөө укугун берүү үчүн иштелип чыкканы жазылган.
Документте бажы органдары өз компетенциясынын чегинде республиканын тышкы экономикалык коопсуздугун камсыздай турганы, аткезчилик жана бажы төлөмдөрүн төлөбөгөндөр менен күрөшүүгө, баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуга, ошондой эле эл аралык терроризмге каршы турууда көмөктөшөрү айтылган.
Пресс-борбор
Кыргызстанда навигациялык пломбаларды колдонуу качан башталат?