Эми баласына алимент төлөбөгөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстанда алимент төлөөдөн качкандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралды.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол коюлду.
Өзгөртүүлөргө ылайык, төмөнкү жоопкерчиликтен качкан ата-энелерге кылмыш жоопкерчилиги каралат:
жашы жете элек балдарды багуудан баш тарткан;
бойго жеткен, бирок ишке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багуудан баш тарткан;
өз маянасын жашырган же азайткан;
ишке орношуудан баш тарткан.
Ата-энесин таштап кеткендерди мамкызматка албай, алиментти көбөйтүү сунушталды