Уйкунун адам жашоосундагы маанилүүлүгү — Анын аял кишинин организмине тийгизген таасири

Sputnik
Уйку адам жашоосундагы маанилүү нерсе. Уйкусуздук өмүрдүн душманы эмеспи. Андыктан уйкуга маани берип, адам күнүнө 8 сааттан кем эмес уктоосу зарыл. Ал эми жаш балдар 10 саат болсо, ымыркайларга 20-22 саат уйку керектелет. Окумуштуулардын айтымында, эринчээк жана үмүтсүз адамдар көбүрөөк укташат. Уктабастан жакшы жашоо өткөрүү мүмкүн эмес. Адам тамаксыз, суу менен бир ай чыдаса, уктабай бир-эки күн гана жүрө алат. Уйкусу канбаган адам жөн жерден ачууланып, сөз көтөрө албай, нерви чыңалган абалда жүрөт. Уйкусуздукту кантип жеңүүгө болот? Кандай учурда уйку тынч болот? жана башка ушул сыяктуу суроолорго биздин “Көз Мончок” программабыздын бул жолку чыгарылышнан жооп ала аласыздар.