Марипов Бакытбек Асамидинович — өмүр баяны

Марипов Бакытбек Асамидинович 1988-жылы 10-ноябрда Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында туулган.
Sputnik
Атасы Асамидин Марипов Ноокат райондук ооруканасын бир нече жыл башкарган. Агасы Улукбек Марипов 2021-жылы министрлер кабинетин жетектеген, учурда Сауд Арабияда элчи.
Билими:
2006-2010 — жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетине тапшырып, аны артыкчылык диплому менен аяктап, экономист адистигине ээ болгон;
2012-жылы — КРСУнун магистратурасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган;
2013-жылы — ОшМУнун юридикалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2012-жылы — Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты;
2013-2020 жылы — Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы;
2020-2021 — Ош облусунун Ноокат районунун акими.
2024 — Ноокат райондук округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер. Алдын ала жыйынтык боюнча жеңүүчү.
Үй-бүлөлүү. Үч уул, бир кыздын атасы.
Кожокулова Гуля Акматкуловна — өмүр баяны