"Иннопром" эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильону ачылды. Видео

"Иннопром" — жаңы кардарларды, жеткирүүчүлөрдү, өнөктөштөрдү жана инвесторлорду табууга багытталган эл аралык платформа.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бүгүн Екатеринбургда "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсү ишин баштады. Ал 11-июлга чейин созулат.
Уюштуруучулар белгилегендей, "Иннопром" — жаңы кардарларды, жеткирүүчүлөрдү, өнөктөштөрдү жана инвесторлорду табуу үчүн эл аралык платформа.
Иш-чаранын негизги темасы — "Технологиялык өнөктөштүк: келечектин имиджин калыптандыруу".
Көргөзмөгө бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын делегацияларынын катышуусу күтүлүүдө.
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кооперацияны тереңдетүү талкууланды