Аптаптуу ысык болбойт, өткүн өтүп турат. Аба ырайынын бир жумалык божомолу

Аймактарда нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу сел жүрөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
6-12-июлда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Бишкекте 7-июлдан 9-июлга чейин жана 13-июлда өткүн өтүп турат. 10-12-июлда асманды ала булут каптайт, бирок жаан-чачындын жаашынын ыктымалдыгы аз.

Чүй, Талас

Облустарда жума ичинде өткүн өтүп, күн күркүрөп турат. Күн Чүйдүн аймагында 34 градуска чейин, Таласта 32 градуска чейин ысыйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Бардык аймактарда жума ичинде күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 8-июлда гана күн ачык болот. Күндүн ысыгы түштүк аймактарында 33-35 градуска чейин жетет.

Ысык-Көл, Нарын

Түндүк аймактарында дагы апта ичинде өткүн өтүп, күн күркүрөп турат. Облустарда күн 27-28 градуска чейин жылыйт.
7-8-9-июлда күндүз бардык облустарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Эмнеге сел жүрүп, жер көчөт, алдын ала билүүгө мүмкүнбү? Окумуштуулардын маеги