Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Орбан НАТОнун Украина боюнча саясатын сындады

Саясатчы альянстын алдында уюмду тынчтык долбоор катары сактап калуу милдети турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. НАТОнун саясаты альянстын негизги баалуулуктарына карама-каршы келет. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Newsweek журналына жазган макаласында белгилегенин РИА Новости жазды.
"Дүйнөлүк тарыхтагы эң ийгиликтүү аскердик альянс тынчтык долбоору катары башталганын, анын келечектеги ийгилиги тынчтыкты сактоо жөндөмүнөн көз каранды экенин эстен чыгарбоо керек. Тилекке каршы, бүгүн күн тартибинде тынчтыктын ордуна согушка умтулуу, коргонуунун ордуна кол салуу болууда. Бул НАТОнун негизги баалуулуктарына карама-каршы келет", — деген Орбан.
Саясатчы НАТОнун алдында альянсты тынчтык долбоор катары сактап калуу милдети турганын белгилеген.
"НАТО максатына согушка эмес, тынчтыкка умтулганда жетет. Эгер альянс кызматташтыктын ордуна чыр-чатакты, тынчтыктын ордуна согушту тандаса өз жанын кыйганга барабар болот", — деп жазган Орбан.
Жума күнү Орбан жана анын делегациясы Москвага келип, Россиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан. Ал Москвага сапарын тынчтык миссиясынын кезектеги этабы деп атаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Киев аскердик абалда болуу үчүн ок атышууну токтотууга жол бербейт