Чачтын түшүүсүн алдын алуу үчүн эмнелерди кылуу керек. Адистин кеңеши

Алгач стресстен оолак болуп, уйкуну кандыруу керек экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Россиянын биотехнология университетинин профессору жана медицина илимдеринин доктору Григорий Флакс чачтын түшүүсүн алдын алып, калыбына келтирүү үчүн эмне кылуу керектигин Р-Спорт басылмасына айтып берди.
"Эң башкысы, стресстен оолак болуңуз. Ачууланбаганга аракет кылыңыз, эс алууга, спортко убакыт таап, уйкуну кандырыңыз. Тынчтанууга жана эс алууга жардам берген медитация же йога менен алектенсеңиз да болот", — деген адис.
Мындан тышкары, чачты жасаган термоприборлорду азыраак колдонуп, жумшак тарактарды колдонуу керек.
Ошондой эле чачка бадам майы менен ромашканын ширесин колдонуп кам көрүү сунушталган.
Чачты төмөнкү азыктар бекемдейт:
A, C витамини жана темир камтылган жашылча-жемиштер;
цинк, йод жана селенге бай деңиз азыктары;
буурчак өсүмдүктөрү (бобовые);
C витаминин камтыган цитрус өсүмдүктөрү. А витамини киви, карагат, брокколи, калемпирде бар;
жаңгак;
козу карын.
Адистер күн аллергиясынан коргонуунун жолдорун айтты