Бишкекте эртеңден тарта Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Жылуулук тармагынын бул участогу 1979-жылы ишке берилгени айтылып, диаметри 400 миллиметр, узундугу 420 метр болгон түтүктөр салынары белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Эртеңден тарта "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаевден Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыларын билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган тилкеде магистралдык түйүндү реконструкциялоо иштери жүрөт.

"Бүгүнкү күндө темир жолдон Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкени оңдоо иштери соңуна чыгып калды. Түтүктөрдү алмаштыруу иштерин улантуу үчүн 8-июлдан тарта Гоголь көчөсүн бойлой Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки кийинки тилкени жабуу пландалууда", — деп жазылган маалыматта.

Жылуулук тармагынын бул участогу 1979-жылы ишке берилгени айтылып, диаметри 400 миллиметр, узундугу 420 метр болгон түтүктөр салынары белгиленди.
Оңдоо иштерин 20-августка чейин бүтүрүү пландалып жатат.
Бишкекте Жибек Жолу проспектинин бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат