Автоунааңызды ар кайсы жерге токтотпоңуз. Эртеңден тарта рейд күчөтүлөт

Мэрия айдоочулардан тыюу салынган жерлерге автоунаа токтотпоону суранды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. 8-июлдан тарта Бишкекте тыюу салынган жерге токтотулган автоунааларды жүктөп кетүү рейди күчөтүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитет азыр деле рейд жүрүп жатканын айтып, бирок дүйшөмбүдөн тарта атайын техникалар күнү-түнү иштей турганын эскертти.
Май айынан бери 3500дөн ашуун автоунаа эвакуацияланган. Учурда автоунааларды жүктөп кетүү үчүн 30дан ашык атайын техника иштеп жатканы кошумчаланды.
Мэрия айдоочулардан тыюу салынган жерлерге автоунаа токтотпоону суранды.
Бишкекте жаңы жол пайда болот. Карта