УКМК: бийликти басып алуу Эгемендүүлүк күнүнө карата пландалган

Атайын кызматтын айтымында, деструктивдүү маанайдагы спортчулар жана кылмыштуу топ массалык башаламандык уюштуруп, андан кийин бийликти күч менен басып алмак.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. – Sputnik. Бийликти күч менен басып алуу Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата пландалган. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ведомстводон кабарлашкандай, кылмышка шектүүлөр 31-августта Бишкектин четинде өлкөнүн бардык аймактарынан жаштарды чогултуу үчүн спорттук оюндарды уюштурууну көздөшкөн.

“Алар элди Бишкекке жөө барууга үндөй турган оппозиция лидерлерин чакыргылары келген. Алдын ала даярдалган адамдар жолдон башаламандык уюштурмак. Сценарий боюнча, зордук-зомбулук көрсөтүлүп, өрт коюлуп, атышуу болмок. Ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүлмөк”, деди УКМК.

Атайын кызмат укук коргоо органдарына жана жарандарга каршы колдонула турган курал-жарактарды алуу үчүн спорттук тирди да басып алуу пландалганын белгилейт.

“Планды ишке ашыруу үчүн кылмыштуу топ жыл башынан бери “көзөмөлдөөчүлөрү” менен жолугушууларды өткөрүп, ок атуучу куралдарды жана керектүү ок-дарыларды сатып алышкан”, деди УКМК.

Бир күн мурун УКМК бийликти күч менен басып алууга, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга, массалык башаламандыктарды уюштуруу жана адамдардын өлүмүнө алып келүүгө даярданган беш шектүү кармалганын жарыялаган.
УКМК: бийликти басып алам деп кармалгандардан депутаттын документи табылды. Видео