Ирандагы президенттик шайлоодо реформачыл Пезешкиан жеңишке жетти

Жаңы президент 69 жашта. Реформачыл саясатчы жана соңку беш чакырылыштагы Иран парламентинин депутаты болгон. Кесиби боюнча дарыгер.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Ирандагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында реформачыл канаттын талапкери Масуд Пезешкиан жеңип, өлкөнүн тогузунчу президенти болду. Бул тууралуу РИА Новости SNN агенттигине шилтеме берип жазды.
Ирандын Ички иштер министрлигине караштуу шайлоо комиссиясынын башчысы Мохсен Эсламинин айтымында, Пезешкиан шайлоодо 16 миллион 384 миң 403 добуш алса, атаандашы Саид Жалили 13 миллион 538 миң 179 добуш алган.
"Ушунун негизинде Масуд Пезешкиан Иран Ислам Республикасынын 14-президенттик шайлоосунда жеңишке жетип, өлкө башчысы болуп шайланды", — деген ал.
Масуд Пезешкиан 69 жашта. Реформачыл саясатчы жана акыркы беш чакырылыштагы Иран парламентинин депутаты.
Кесиби боюнча дарыгер. Ал президент Мохаммад Хатаминин экинчи мөөнөтүндө (2001-2005) Ирандын саламаттык сактоо жана медициналык билим берүү министри болуп иштеген.
Ирандын президенти өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеиден кийинки экинчи күчтүү фигура болуп саналат. Президенттин милдеттерине Конституциянын жоболорун ишке ашыруу жана аткаруу бийлигин жетектөө кирет.
Эске салсак, Ирандын буга чейинки президенти Эбрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумган.
Кир Стармер Улуу Британиянын премьери болуп, жумушуна расмий киришти