УКМК: бийликти басып алам деп кармалгандардан депутаттын документи табылды. Видео

Эл өкүлү бул боюнча үн катып, кылмышкерлерге тиешеси жок экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бийликти күч менен басып алууну пландаган деген деструктивдүү топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда курал-жарактын түрү жана Жогорку Кеңештин депутатына таандык аскердик билет табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ атайын кызмат бийликти күч менен басып алабыз деген деструктивдүү топтун беш мүчөсүн кармаган.
"Алардын жашаган жеринен жана автоунаасынан 50 мылтык, 20 тапанча, 255 миңден ашык ок-дары, укук коргоо кызматкерлеринин 200дөн ашык формасы, ок өтпөс кийимдер, 2 дрон, рация, колго жасалган жардыргыч заттар, диний адабияттар табылды", — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, бир катар жарандардын өздүк документтери да табылган. Алардын арасында депутат Марлен Маматалиевдин аскердик күбөлүгү чыккан.
Эл өкүлү 2020-жылы октябрда болгон төңкөрүштө белгисиз адамдар парламенттен сейфтеги документтин баарын уурдап кеткенин айтып, кылмышкерлерге тиешеси жок экенин белгилеген.
УКМК учурда бул боюнча кошумча тергөө жүрүп жатканын билдирди.
Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү узартылды