Мугалим болуп иштөөгө тыюу салган оорулар. Министрлик долбоор тууралуу

Мугалим болууга тыюу салган оорулардын тизмеси коомчулукта нааразычылык жаратты. Билим берүү министрлиги тизме Саламаттык сактоо министрлигинен алынганын айтса, берки тарап аны четке кагууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги педагогикалык иш жүргүзүү укугун жокко чыгарган кылмыштардын жана оорулардын тизмесин бекитүүнү сунуштады. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому коомдук талкууга чыгарылган.
Анда педагогикалык кызматты ээлөөгө жол бербей тургна илдеттердин тизмеси көрсөтүлгөн.
Мында соттолгондор боюнча түшүнүктүү болгону менен оорулардын тизмеси коомчулукта нааразычылык жаратты:
тизмедеги бир катар оорулар боюнча майыптык берилет, ошондуктан эл майыптарга окутууга тыюу салуу аракетине нааразы;
тизмеге окуучуларга коркунуч туудурбаган жеңил оорулар да кирип калган.

Билим берүү жана илим министрлигинин түшүндүрмөсү

Мекеменин маалыматтык саясат башкармалыгынын (маалымат кызматы) башчысы Гүлмира Үмөталиева Sputnik Кыргызстанга комментарий берип, бул долбоор гана экенин белгилеп, пикирлерди билүү үчүн 27-июлга чейин коомдук талкууда болорун айтты.
Андан эмне үчүн тизмеге ишемия, ревматизм, экзема сыяктуу кеңири тараган оорулар кирип калганы боюнча суроо узатылган.
"Бул тизмени бизге Саламаттык сактоо министрлиги берди... Мен жогоруда айткандай, тизме коомдук талкууга чыгарылган. Бардык жарандар сунуштарын киргизе алат, эч кандай чечим кабыл алына элек", — деп жооп берген ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

Мекеме Билим берүү жана илим министрлигинин өтүнүчү менен учурда менталдык саламаттыктын түрлөрүн аныктоо үчүн түзүлгөн жумушчу топко Республикалык психиатрия жана наркология борборунан психиатр-нарколог бөлүнүп берилгенин билдирди.
"Саламаттык сактоо министрлиги башка оорулар боюнча тизмени бекиткен эмес", — деп белгиледи маалымат кызматы.
Алар өкмөттүн 2011-жылдагы токтомуна ылайык, жумушка киргенде милдеттүү түрдө, ошондой эле мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өтүүгө тийиш болгон кызматкерлердин категориясынын тизмеси бар экенин эске салышты. Бул тизмеге билим берүү мекемелеринин (мектептер, ЖОЖдор, интернаттар, бала бакчалар жана башкалар) жана китепканалардын кызматкерлери кирет.
Жыл сайын өтүлө турган милдеттүү медициналык кароодо терапевттин жана дерматологдун текшерүүсү, флюорография камтылган. Кошумча көрсөтмөлөр боюнча, сифилиске тест сыяктуу кошумча текшерүүлөр жүрүшү мүмкүн. Эгерде студенттердин же мугалимдердин арасында кургак учуктун ачык түрү менен байланышта болгон адам аныкталса, ал көкүрөктүн рентгени аркылуу текшерилет.
"Учурда орто мектептерде мугалим болуп иштөөгө тыюу салган оорулардын бекитилген тизмеси жок. Анткени мектепте иштөө кооптуу жумуштар категориясына кирбейт. Учурдагы медициналык кароолор мугалимдердин да, окуучулардын да ден соолугун жана коопсуздугун камсыздоого багытталган", — деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында.
12 жылдык окутуу: ЖК билим берүүгө 40 млн. доллар бөлө турган макулдашууну жактырды