Алайда Мурдаш суусуна түшүп кеткен унаадагы жаш баланын сөөгү табылды

Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Алайдагы Мурдаш суусуна түшүп кеткен автоунаадагы жаш баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, алты жаштагы Н.Анын сөөгү туугандарына өткөрүп берилди.
Кырсык кечээ күнү болгон. Айдоочу рулду башкара албай калганы кабарланган. Жергиликтүү тургундар айдоочуну куткарып, баланы таппай калышкан.
Автокырсыкка кабылган кинорежиссер Турсун Үсөнов ооруканада көз жумду