Алайда Мурдаш суусуна түшүп кеткен унаадагы жаш бала изделүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Алайдагы Мурдаш суусуна автоунаа түшүп кетип, анын ичиндеги жаш бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай калган. Автоунаа ичинде бир бала болгону айтылды. Куткаруучулар айдоочуну куткарып чыгышып, баланы таппай калышкан.
"Издөө иштерине ӨКМден 16 куткаруучу, ИИМден 42 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 137 адам, жалпы 199 адам тартылды", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик издөө иштери уланып жатканын кошумчалады.
Күн жылыды, сууга түшүүдө этият болгула! ӨКМдин эскертүүсү