Бишкекте ЖК депутаты Чыңгыз Ажибаев күзөтчү менен чатакташкан. Видео

Депутат жагымсыз окуяга туш болгону үчүн коомчулуктан кечирим сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев соода борборунун күзөтчүсү менен чатакташа кеткен.
Окуя 21-июнда болгон. Видеодон депутат унаа токтотуучу жайдан күзөтчүнү автосу менен жөөлөп өткөнүн, кызматкер ага бир нерсе деп айтканын байкоого болот. Ажибаев унаадан түшүп күзөтчүнү түрткөндө, ал аны жерге жыгып, мушташа кетишкен.
Депутат соцбаракчасы аркылуу окуя боюнча үн каткан. Анын айтымында, күзөтчү жаман сөздөр менен сөгүнгөн. Унаада кичинекей баласы менен жубайы болгондуктан сыртка чыга калган. Окуядан кийин милицияга кайрылган, бирок күзөтчүлөр кечирим сурагандыктан арызын кайтарып алган.
Милиция фактыны тастыктап, чатактын катышуучулары бири-бирине доо коюудан баш тартканын ырастады.
Депутат жагымсыз окуяга туш болгону үчүн коомчулуктан кечирим сурады.
Кызматтык милдетин аткарып жаткандарга баш ийбегендерди жазалоо сунушталды