Беларусь ШКУга толук кандуу мүчө болду

Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Беларусь Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болду.
Тиешелүү документтерге ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Астанадагы саммитте кол коюшту.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Беларусь ШКУга толук кандуу катышуу үчүн бардык процедураларды кыска убакытта аткарганын билдирди.
Кызматташуу күчөйт! Путин ШКУ саммитинде үч өлкөнүн башчылары менен жолукту