Олимпиада оюндары — 2024

Кыргызстандын Олимпиадага барчу спортчулары допинг-тесттен өтүштү

"Допингге каршы улуттук борбор" дирекциясынын директору Нургүл Кермакунова Олимпиадага катыша турган атлет кеминде үч жолу биологиялык тест тапшырып, кандан, тырмактан, чачтан, терден анализ алынарын айтты.
Sputnik
Париж Олимпиадасына бара турган кыргызстандык спортчулардын баары допинг-тесттен таза жыйынтык көрсөтүштү. Бул тууралуу Нургүл Кермакунова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Олимпиадага бара турган ар бир спортчунун допингге каршы күрөшүү боюнча сертификаты болушу шарт.
"Ар бир спортчу мелдеште таза жеңишке жетиши керек. Анткени допинг колдонгон атлет өзүнүн карьерасына жана мамлекеттин кадырына кедергисин тийгизет. Олимпиада оюндарынын өзүнүн тартиби болот. Алсак, ар бир спортчу допингге каршы билимин жогорулатып, атайын сертификат алышы абзел. Ал эми мындай жогорку турнирлерге катышкандар эл аралык деңгээлдеги спортчу делип, алар талаптарды аткарууда бардык эрежелерди сакташат. Лицензия алган балдарыбыздын, кыздарыбыздын көбү буга чейин Олимп оюндарына баргандыктан кызытмадан өзүн коргоого, жүрүм-турумуна, даярдыгына дыкат мамиле кылышат. Париж оюндарына убакыт аз эле калды. Кыргызстандык спортчулардын баары допинг-тесттен таза жыйынтык көрсөтүштү. Алар талап боюнча кеминде үч жолу биологиялык тест тапшырып, кандан, тырмактан, чачтан, терден анализ тапшырышат. Атайын инспекторлор спортчулардан каалаган күнү допинг-тест талап кылса, спортчу каршылык кылбай аны тапшырууга милдеттүү. Болбосо тиешелүү чечим чыгып, спорттон четтетилет", — деди Кермакунова.
Ошондой эле ал ар бир спортчу Олимпиаданын эрежелерин, принциптерин сыйлоого, аны таанууга милдеттендирилерин кошумчалады.