Путин: ШКУ адилеттүү дүйнө тартибинин негизги түркүктөрүнүн бири

Россия лидери уюмдун эртеңки саммитинде Беларусь ШКУга толук кандуу мүчө болорун эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. ШКУ адилеттүү көп полярдуу дүйнө тартибинин негизги түркүктөрүнүн бири катары ролун күчөттү. Бул тууралуу Владимир Путин Си Цзиньпин менен Астанадагы жолугушууда билдирди.
Ал уюмдун эртеңки саммитинде Беларусь ШКУга толук кандуу мүчө болорун эске салып, орус-кытай мамилеси тууралуу айтты.
"Алакабыз тарыхтагы эң бир жемиштүү мезгилди башынан кечирип жаткандыгы тууралуу бир нече ирет айтылган. Ал тең укуктуулуктун, бири-биринин суверенитетин урматтоо принциптеринде курулуп келе жатат. Кызматташтыгыбыз эч кимге каршы багытталган эмес. Биз союз, блокторду түзгөн жокпуз. Жөн гана эки элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатабыз", — деген Россия лидери.
Өз кезегинде Си Цзиньпин Астанадагы саммит ШКУнун быйылкы жылдагы эң маанилүү окуясы болорун айтып, мамлекеттердин жетекчилери менен ар кандай тармактарда кызматташтыкты чыңдоо, анын туруктуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү тууралуу кеңири баарлашууга даяр экенин белгилеген.
Эки тараптуу жолугушуу ШКУнун 4-июлда боло турган саммитинин алкагында өттү.
Кызматташуу күчөйт! Путин ШКУ саммитинде үч өлкөнүн башчылары менен жолукту