Эрдоган: Түркия Россия менен соода алаканы эки эсе көбөйтүүнү каалайт

Эрдоган Анкара Москва менен туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Россиянын лидери Владимир Путин менен Астанадагы ШКУ саммитинин алкагында жолукту. Бул тууралуу Sputnik радиосу жазды.
Эрдогандын айтымында, Анкара менен Москва сооданын көлөмүн эки эсе көбөйтүүнү максат кылууда.
"Биздеги азыркы көлөм 55 миллиард долларды түзөт. Максатыбыз аны 100 миллиард долларга жеткирүү", — деди Эрдоган.
Ал ошондой эле Анкара Москва менен туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын белгиледи.
"Түркияга жети миллионго жакын россиялык туристтин келгени биз үчүн абдан маанилүү болду. Туризм тармагында кызматташууну улантабыз", — деди ал.
Мындан тышкары, өлкөдө россиялык жана түркиялык адистер тарабынан курулуп жаткан "Аккую" атомдук электр станциясы тез арада ишке берилсе деген тилегин билдирди.
"Сизди өз өлкөмдө тосуп алууну чыдамсыздык менен күтөм", — деди Эрдоган Путинге кайрылып.
РФ лидери кесиптешине чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, "сөзсүз келем" деп убада кылды.
Путин Эрдоган менен тынымсыз байланышта экенин, бирок аны менен эми жолугушканын кошумчалады.
Кызматташуу күчөйт! Путин ШКУ саммитинде үч өлкөнүн башчылары менен жолукту