Баткенде төө куш менен тоту куштун балапандарын мыйзамсыз ташыгандар кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Өлкөгө тоту куш менен төө куштун балапандарын мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, чек арачылар 1-июлда Кадамжай районунун Жаңы-Жер тилкесинде Daewoo Matiz унаасын токтотушкан. Анын У.А. аттуу 39 жаштагы айдоочусу унаа менен тоту куштун 160 жана төө куштун алты балапанын эч кандай документи жок жашыруун алып келе жаткан.
1 / 3

Өлкөгө тоту куш менен төө куштун балапандарын мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

2 / 3

Маалыматка ылайык, чек арачылар 1-июлда Кадамжай районунун Жаңы-Жер тилкесинде Daewoo Matiz унаасын токтотушкан

3 / 3

Анын У.А. аттуу 39 жаштагы айдоочусу унаа менен тоту куштун 160 жана төө куштун алты балапанын эч кандай документи жок жашыруун алып келе жаткан

Аткезчилик жүктүн жалпы суммасы 774 миң 500 сомду түзгөн.
Канаттуулар кошумча иликтөө үчүн тийиштүү жакка өткөрүлгөн. Ал эми айдоочу компетенттүү органдардын сурагында экени кошумчаланды.
Жогорку Кеңеш Бажы кызматына тергөө жүргүзүү функциясын кайтарып берди