Байдендин тегерегиндеги кеп-сөздөн улам Ак үйдүн жамааты жыйынга чогулат

Байден менен Трамптын экинчи дебаты 10-сентябрга белгиленген. Ал эми шайлоо 5-ноябрда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин ден соолугуна байланышкан кабарлардан жана шайлоо жарышынан четтөө чакырыктарынан улам шаршемби күнү Ак үйдүн жалпы жамааты жыйынга чогула турганын өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен Wall Street Journal жазып чыкты.
Чогулушту президенттик аппараттын жетекчиси Жефф Зиентс өткөрмөкчү.
Басылманын жазганына караганда, Байдендин командасы анын Дональд Трамп менен болгон ийгиликсиз дебатынан кийин донорлор менен мыйзамчыларды тынчтандыруу аракетинде.
WSJ Зиентс Байдендин ишенимдүү адамдарынын катарында болуп, АКШ сенатында демократтардын лидери Чак Шумер менен дайым байланышта экенин белгилеген. Мындан тышкары, аппараттын жетекчиси "өз" аткаминерлеринин маанайына көз салып, жалпы өлкөдөгү кырдаалды байкап турат.
Эскерте кетсек, азыркы президент Жо Байден менен мурунку өлкө башчы Дональд Трамптын теледебаты 28-июнда Атланта шаарында өткөн. Байдендин жүрүм-турумуна, сүйлөгөнүнө, жообуна көпчүлүктүн ичи чыкпай, эл ичинде да, саясий элита арасында да президенттин саламаттыгына, жөндөмүнө байланышкан кептер жаралган.
Буга чейин Politico гезити АКШнын Демократиялык партиясынын 20дан ашуун губернатору Байдендин ден соолугун талкуулап, өзү менен жолугууну көздөп жатышканын жазган. Демократтар теледебатта жеңилип калган Байденди сындап, шайлоо штабы президенттик кызматты аркалай албайт деген кинеге ынанымдуу жүйө келтире албаганын айтышууда.
Партиялаштарынан сырткары Байдендин президент боло аларынан күмөн санаган конгрессмендердин саны да көбөйүп жатат, айрымдары аны шайлоо жарышынан баш тартууга чакырышууда.
Байден менен Трамптын экинчи дебаты 10-сентябрга белгиленген. Ал эми шайлоо 5-ноябрда өтөт.
Байдендин жакындары анын дебаттагы жеңилишине күнөөлүүлөрдү тапты