Венгриянын премьери Зеленский менен сүйлөшүү үчүн Киевге барды

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, талкуунун темаларынын бири тынчтык орнотуу мүмкүнчүлүгү болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Украинага барганын РИА Новости MTI агенттигине таянуу менен жазды.
Премьер-министрдин маалымат катчысы Берталан Хавасинин билдиргенине караганда, саясатчы Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
"Талкуунун эң маанилүү темасы тынчтык орнотуу мүмкүнчүлүгү тууралуу болмокчу. Виктор Орбан менен Владимир Зеленский венгр-украин мамилелеринин актуалдуу маселелерин да талкуулашат", — деди Хаваши.
Жыл башында Зеленскийдин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак Киев менен Будапешт "венгр-украин мамилелеринин жаңы барагын ачуу" үчүн жогорку деңгээлдеги жолугушуу уюштурууга кызыкдар экенин айткан. Будапештте мындай жолугушуунун максаты Киев Закарпатьедеги венгр улуттук азчылыгынын укуктарын калыбына келтирүү боюнча талаптарды аткарууга тийиш экендиги менен байланыштырылган.
2023-жылдын декабрь айында Орбан менен Зеленский Аргентинада президент Хавьер Майлинин инаугурациясында көрүшкөн. Бирок Венгриянын премьер-министри алар балкондо чогуу отуруп, учкай гана маектешкенин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО Украинага курал жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн катуу аракет көрүүдө