Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Орбан Зеленскийден атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды

Россия президенти жакында Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштарды берген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Киевге болгон иш сапарынын алкагында Владимир Зеленскийден Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине таянуу менен жазды.
"Орбан Зеленскийден атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды, бул тынчтык сүйлөшүүлөрүн тездетет", — деп айтылат билдирүүдө.
Орбан Украинадагы тынчтык маселеси Венгриянын Европа биримдигине төрагалык кылуусунун алдыдагы алты айынын негизги маселеси болорун белгилеген.
Венгриянын премьер-министри Киевге соңку 10 жылдагы биринчи визити менен келди. Ал өзүнүн сапарынын максатын “тынчтыкка жетишүү жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелерин чечүү” деп эсептейт.
Кремль Орбандын Украинага сапарынан эч кандай жыйынтык күтпөгөнүн билдирди.
14-июнда Россиянын президенти Владимир Путин Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштарды киргизди. Анда Крым, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын региондору катары статусун таануу, Украинанын блокторго кошулбаган жана өзөктүк куралы жок статусун бекемдөө, Россияга каршы санкцияларды жоюу каралган. Мамлекет башчынын айтымында, бул демилге иш жүзүндө жаңжалды токтотуу жана аны саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууга өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Венгриянын премьери Зеленский менен сүйлөшүү үчүн Киевге барды