Радио

Асанова: жылуулук боюнча уюлдук тиркеменин функциялары кеңеет

"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын абоненттик бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Асанова уюлдук тиркеме абоненттер менен мекеменин ортосундагы иш-аракеттерди кыйла жөнөкөйлөтөрүн айтты.
Sputnik
"Бишкек жылуулук тармагы" бүгүнкү күндө 3500дөн ашык турак жайды, 358 бюджеттик мекемени, ошондой эле 4 400 абонентти ысык суу жана жылуулук менен камсыздайт. Бул тууралуу Жылдыз Асанова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мекемени санариптештирүү жана кагаз квитанцияларды колдонууну азайтуу максатында уюлдук тиркеме ишке киргизилген.
"Тиркемени Play Market жана App Store аркылуу бекер жүктөп алса болот. Абоненттер анын жардамы менен электрондук эсеп-дүмүрчөк (квитанция) ала алышат. Ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүп жана прибордун көрсөтмөлөрүн беришет. Көрсөтмөлөрдү ар бир айдын 20сынан 25ине чейин берүүсү зарыл. Тиркемеден карызы бар-жогун да билсе болот. Мындан тышкары, маанилүү жаңылыктар жана оңдоо иш-чаралары тууралуу маалыматтар менен кабардар болуп турат. Негизи тиркеме былтыртан бери иштеп жатат. Бирок быйыл көбүрөөк басым жасалып, толукталып, колдонууга киргизилди. "Бишкек жылуулук тармагы" уюлдук тиркемеси биздин мекеме менен абоненттердин ортосундагы иштерди кыйла жөнөкөйлөтөт. Андыктан биз келечекте абоненттердин муктаждыгына жараша тиркеменин функционалдуулугун арттырабыз", — деди Асанова.
Ал ошондой эле тиркемеге маалыматтар кыргыз жана орус тилдеринде чыгарын кошумчалады.