Гутерриш: Ферганадагыдай чиеленишкен чек араны эч көргөн эмесмин

БУУнун баш катчысы Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүдөгү жасаган аракеттерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Чолпон-Атада президент Садыр Жапаров менен жолугуп жатып Фергана өрөөнүнө жасаган сапарлары тууралуу айтып берди.

"Фергана өрөөнүнө эки жолу баргам. Ал жердегидей мамлекеттик чек араларды көргөн эмесмин. Пазл сыяктуу көрүнөт", — деди Гутерриш.

Анын айтымында, Кыргызстан чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечип жатканынан улам республиканы "тынчтыктын символу" деп атоого арзыйт.
Эске салсак, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 3-июлга чейин иш сапары менен Кыргызстанда болот. Ал өлкө башчы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келген.
Садыр Жапаров менен Антониу Гутерриш эмне маселе талкуулай турганы айтылды